МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР БОЮНЧА ЖАҢЫ ВЕБ-ПОРТАЛДЫН ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР БОЮНЧА ЖАҢЫ ВЕБ-ПОРТАЛДЫН ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

КРФМ

 

            “Татаалдан - жөнөкөй чечимдерге деген ураан алдында өтүп жаткан Мамлекеттик сатып алуулар боюнча VII эл аралык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик ишкана тарабынан иштелип чыккан жаңы мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын пилоттук долбоору расмий түрдө ишке киргизилгени жарыяланды.

            Бул инновациялык портал сатып алуулар системасын модернизациялоого, анын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Пилоттук этапка 16 уюм - министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартылып, алар сатып алууларынын жок дегенде 15 пайызын жаңы санариптик платформа аркылуу жүргүзүүнү пландап жатышат.

            Порталды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн атайын жумушчу топ тарабынан негизги ченемдик документтер бекитилген. Алар: сатып алынуучу товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, системанын иштөө регламенти жана анын ишке ашыруу планы. Электрондук операциялардын коопсуздугуна жана юридикалык күчүнө өзгөчө көңүл бурулуп, бул максатта улуттук электрондук санарип кол тамга каражаттары - Түндүк жана Кызмат платформалары колдонулат.

            Ошону менен бирге, жаңы веб-порталдын пилоттук долбоорунун башталышы Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алуулар системасын өнүктүрүүнүн жаңы баскычын баштап, анын ачыктыгын, ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

1 сүрөттөр

0.00MB

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
187

Окшош жаңылыктар

OSZAR »