VII ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ: МАМЛЕКЕТТИК ПРОЦЕСТЕРДИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮҮ БОЮНЧА ВИЦЕ-МИНИСТРЛЕР ДЕҢГЭЭЛИНДЕГИ ДИАЛОГ

VII ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ: МАМЛЕКЕТТИК ПРОЦЕСТЕРДИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮҮ БОЮНЧА ВИЦЕ-МИНИСТРЛЕР ДЕҢГЭЭЛИНДЕГИ ДИАЛОГ

КРФМ

 

            «Татаалдан — жөнөкөйлүккө карай» урааны алдында өткөн VII Эл аралык форумдун алкагында мамлекеттик саясаттын негизги маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги башкаруу өкүлдөрүнүн катышуусунда мазмундуу талкуу болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын вице-министрлери деңгээлинде өтүп, мамлекеттик процесстерди жөнөкөйлөтүү тажрыйбаларын алмашуу жана илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча болуп кызмат кылды.

            Форумдун активдүү катышуучуларынын катарында:

Азизбек Камчыбекович Байбалаев — КР Коргоо министринин орун басары;

Кубан Каленович Казаков — КР Юстиция министрлигинин орун басары;

Назгүл Жоробековна Үсөнова — КР Энергетика министринин орун басары;

Каарман Кочорбаевич Байдавлетов — КР Саламаттык сактоо министринин орун басары;

Чыңгызбек Мамат уулу — КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;

Тимур Арстанбекович Дүйшөев — КР Билим берүү министрлигинин башкармалыгынын башчысы.

            Ошондой эле форумга башкармалыктардын башчылары да катышып, бул талкууларга ар кандай башкаруу деңгээлинен көз караш менен карап, диалогду андан да практикалык жана натыйжалуу кылды.

Форум катышуучулардын натыйжалуу чечимдерди издөөдө жогорку кызыгуусун жана процедураларды жөнөкөйлөтүүгө, мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган системалуу өзгөрүүлөргө болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
272

Окшош жаңылыктар

OSZAR »