Menu
Тренддер

МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУ БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУГА БАГЫТТАЛГАН ЭКИ КҮНДҮК III ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
КРФМ
Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы тажрыйба алмашуу боюнча III Эл аралык конференциянын экинчи күнүндө бюджеттик процессти санариптештирүүгө арналган тематикалык сессия улантылды. Мамлекеттик финансы системаларын санариптик трансформациялоо — бул конференциянын негизги багыты катары белгиленип, бюджеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун, отчеттуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү баса белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Маалыматтык системалар жана модернизациялоо башкармалыгынын маалыматтык системаларды модернизациялоо секторунун башчысы Жазгүл Акматалиева бюджеттик мекемелерде борборлоштурулган бухгалтердик эсепти киргизүү долбоору менен тааныштырды. Эсептердин бирдиктүү планын колдонууга өтүү жана мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялоо менен бирдиктүү эсепке алуу чөйрөсүн түзүүгө көңүл бурулду, бул эсепке алууну автоматташтырууга жана финансылык башкаруунун сапатын жогорулатууга багытталган.
Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү департаментинин директору Алихан Абельгазинов бюджеттик пландоодо жана аткарууда санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына токтолду. Баяндамада платформалык чечимдерди өнүктүрүү, чоң маалыматтарды пайдалануу жана жарандар үчүн бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелери сунушталды.
Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин Маалыматтык технологиялар департаментинин директору Елена Громова “Электрондук бюджет” системасын киргизүү тажрыйбасы тууралуу айтып берип, коомдук финансыны башкаруунун көрсөткүчтөрү кыйла жакшырганын жана негизги процесстер автоматташтырылганын белгиледи.
“Гознак» ААКтын Коомдук финансы жаатындагы маалыматтык технологиялар борборунун директору Андрей Семункин санариптик бюджеттик системалардын өнүгүүсүнө токтолуп, комплекстүү ИТ-кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу, маалыматтык коопсуздукту сактоо жана бюджеттик башкарууда жасалма интеллектти колдонуу маселелерине басым жасады.
Россия Федерациясынын Финансы министрлигине караштуу Финансы илимий-изилдөө институтунун (НИФИ) Бюджеттик процесстерди санариптештирүү жана талдоо боюнча дирекциясынын жетекчисинин орун басары Мария Баркова маалыматтык технологияларды пайдалануу аркылуу федералдык бюджеттин дээрлик 100% аткарылышына жетишүү мисалдарын сунуштады. Ошондой эле жасалма интеллектти колдонуу, мыйзамдык жөнгө салуу, маалыматты чогултуу, сактоо, көзөмөлдөө, тобокелдиктерди башкаруу жана контролдоо маселелерин козгоду.
Мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча тажрыйба алмашууга багытталган эки күндүк III эл аралык конференция ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу сөздү Кыргыз Республикасынын финансы министринин кеңешчиси Нурланбек Сабырбекович Раханов сүйлөп , бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.















15 сүрөттөр
0.00MB