Menu
Тренддер

БЮДЖЕТТИН «ЖАШЫЛ» ЧЫГЫМДАРЫН МАРКИРОВКАЛОО ЖАНА МАРКИРОВКАЛОО БОЮНЧА КОНЦЕПТУАЛДЫК МАМИЛЕ МЕНЕН КОЛДОНМОНУ РАСМИЙ ТҮРДӨ БЕРҮҮ БОЛУП ӨТТҮ
2024-жылдын 17-сентябрында «Hyatt Regency» мейманканасында министрликтердин, ведомстволордун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттин «жашыл» чыгымдарын маркировкалоо жана маркировкалоо боюнча концептуалдык мамиле менен колдонмону расмий түрдө берүү болуп өттү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасында бюджеттин «жашыл» чыгымдарын маркировкалоо системасын түзүүдө маанилүү этап болуп саналат, ал улуттук климаттык жана экологиялык максаттарга жетүүдө ресурстарды мобилизациялоо үчүн маанилүү кадам болуп калат. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Руслан Тактиков жана Дүйнөлүк Банктын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл менен биргеликте ачышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги Айдарбек уулу Талас бюджеттин «жашыл» чыгымдарын маркировкалоо боюнча колдонмонун негизги элементтерин, аларды даярдоо Концепциясын жана процессин презентацияланды. Дүйнөлүк банктын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча экономисти Лила Райна айым Кыргыз Республикасында Салымдарды улуттук деӊгээлде аныктоону ишке ашырууну бекемдөө максатында «жашыл» бюджеттөө үчүн потенциалды түзүү жаатында кызматташуу тууралуу сөз сүйлөдү. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин финансы башкармалыгынын башкы адиси Акматова Эльвира колдонмону пилоттоо жана ӨКМ бюджетинин «жашыл» чыгымдарын маркировкалоонун болжолдуу жыйынтыктары тууралуу отчет берди. Ошондой эле, иш-чарада маркировкалоону ишке киргизүүнүн мындан аркы процесси жана кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр боюнча маселелер талкууланды.
Салымдарды улуттук деӊгээлде аныктоону (ОНУВ)[1] ишке ашырууну каржылоону көбөйтүү үчүн Дүйнөлүк банктын «жашыл» каржылоонун инновациялык варианттарын изилдөө боюнча техникалык жардамынын алкагында, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Жибек Дүйшееванын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлери тарабынан Дүйнөлүк банктын эксперттери жана министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү менен биргеликте 2023-жылдан тартып Кыргыз Республикасында бюджеттин «жашыл» чыгымдарын маркировкалоо процессин ишке киргизүү боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча маркировкалоо боюнча колдонмо иштелип чыгып, Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилди. Бүгүнкү күндө пилоттук долбоорду ишке киргизүү башталды жана ал үчүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тандалып алынган.
Ушул эле күнү Дүйнөлүк банктын миссиясынын алкагында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева жана Дүйнөлүк банктын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча экономисти Лила Райна менен Кыргыз Республикасында бюджеттин «жашыл» чыгымдарын маркировкалоо системасын мындан ары ишке киргизүү жана институтташтыруу боюнча иш-чаралар тууралуу, ошондой эле бюджеттин «жашыл» чыгымдарын маркировкалоо боюнча министрликтердин жана ведомстволордун потенциалын жогорулатуу боюнча зарыл кадамдар тууралуу талкууланды.